31.10.2024 №177 Чүй облусунун Москва районундагы №7302 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Москва аймактык шайлоо комиссиясынын Чүй облусунун Москва районундагы №7302 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө 2024-жылдын 16-октябрындагы №7 чечими келип түшкөн.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын чечими 2024-жылдын 15-октябряндагы №02-23/511 Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде кабыл алынган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округтарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун Москва районунун Төрт-Гүл айыл аймагындагы №7302 шайлоо участкасынын дареги Предтеченка айылындагы клубдун имаратынан Ленин көчөсүнүн №82 дарегиндеги административтик имаратына өзгөртүлсүн.

2. Москва аймактык шайлоо комиссиясы Төрт-Гүл айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГА                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 31-октябры

177