01.10.2024 №157 Араван, Ноокат, Жети-Өгүз, Балыкчы жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Араван, Ноокат, Жети-Өгүз, Балыкчы жана Кара-Балта аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Араван аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү А.А. Жээенбекованын, А.А. Ахмадалиевдин, Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү К.Т. Пазыловдун, Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ж.А. Урмамбетованын, Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Ж. Эгембаевдин, Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү И.Е. Балькованын шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде,   «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Жээнбекова Анара Алишеровна, Ахмадалиев Анарбай Абдималикович комиссиянын курамынан чыгарылсын;  
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Искандарова Шоирахон Гуламшеровна, Шерматов Ахмаджан резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  •  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Пазылов Кубанычбек Турдубаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын; 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Камалова Нуркыз Гапаржановна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  •  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Урмамбетова Жамал Абдыкеримовна комиссиянын курамынан чыгарылсын; 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Тойбекова Аида Большевиковна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • «Замандаш» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Эгембаев Алмаз Жанышович комиссиянын курамынан чыгарылсын; 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдыбакапова Чолпон Кыдырмышовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  •  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Балькова Ирина Евгеньевна комиссиянын курамынан чыгарылсын; 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Токушева Гульмира Бектеновна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

6.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7.   Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                    

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 1-октябры

№ 157