30.04.2024 №40 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын

2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу  жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу  боюнча депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги №109 Жарлыгы менен дайындалган №5 Ноокат жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу максатында,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш, 2024-жылдын 30-апреля

№ 40