27.03.2023 №22 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүүнүн протоколунун, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо к

2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүүнүн протоколунун, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жыйынды таблицасынын формасын бекитүү тууралуу

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесине ылайык,Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Президентинин  2023-жылдын 6-февралындагы ПЖ № 19 Жарлыгына ылайык,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 22-февралындагы №12 токтому менен бекитилген «2023-жылдын 9-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүүнү жана идентификациялоонун модернизацияланган жабдууларын пилоттук режиминде апробациялоо жѳнүндѳ» убактылуу жобосуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүүнүн протоколу, аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколу жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жыйынды таблицасынын формалары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.  Баткен аймактык шайлоо комиссиясы Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууда жогоруда 1-пунктта бекитилген формаларды жетекчиликке алсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркемесиз).

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2023-жылдын 27-марты

№22