17.10.2021 №740 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты П.Р.Тулендыбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
«Республика-Ата Журт» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Тулендыбаев Пархат Розымовичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча келип түшкөн жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Республика-Ата Журт» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Тулендыбаев Пархат Розымовичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Тулендыбаев Пархат Розымовичтин күбөлүгү анык эмес деп табылсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 17 -октябры
№ 740