20.04.2023 №43 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу, Кара-Кулжа, Токмок, Сокулук, Нарын, Ак-Суу, Түп, Ысык-Көл жана Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын (09.04.2023-ж. №9) Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңеши боюнча;

- Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын (19.04.2023-ж. №13)  Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алайку айылдык кеңеши боюнча;

- Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын (08.04.2023-ж. №21) – Чүй облусунун Токмок шаардык кеңеши боюнча;

- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын (19.04.2023-ж. №8) – Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылдык кеңеши боюнча;

- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын (14.04.2023-ж. №4)  Нарын облусунун Нарын районундагы Эмгекчил айылдык кеңеши боюнча;

- Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын (03.04.2023-ж. №8) – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кара-Жал айылдык кеңеши боюнча;

- Түп аймактык шайлоо комиссиясынын (14.04.2023-ж. №6,7; 19.04.2023-ж. №8,9) – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тогуз Булак, Түп, Сары-Булак, Ысык-Көл жана Ак-Булуң айылдык кеңештери боюнча;

- Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын (17.03.2023-ж. №9,10; 17.04.2023-ж. №11,12) – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы   Кара-Ой, Темировка, Кумбел жана Садыр-Аке айылдык кеңештери боюнча;

- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын (19.04.2023-ж. №38) – Баткен облусунун  Баткен шаардык кеңеши боюнча.

Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө төмөнкү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү:

- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын (19.04.2023-ж. №8)  Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылдык кеңеши боюнча;

- Түп аймактык шайлоо комиссиясынын (19.04.2023-ж. №8) – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тогуз-Булак айылдык кеңеши боюнча;

- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын (19.04.2023-ж. №38)   Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча.

Аталган чечимдер «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Кулжа, Сокулук, Нарын, Түп, Ысык-Көл жана Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Сокулук, Түп жана Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кара-Суу, Кара-Кулжа, Токмок, Сокулук, Нарын, Ак-Суу, Түп, Ысык-Көл жана Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

5. Кара-Суу, Кара-Кулжа, Токмок, Сокулук, Нарын, Ак-Суу, Түп, Ысык-Көл жана Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                   

Бишкек ш., 2023-жылдын 20-апрели

№43