26.09.2025 №80

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районундагы № 4115 жана Кочкор районундагы № 4138 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-1-беренесин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл аймагындагы № 4115 шайлоо участогунун дареги Э. Матыев көчөсү 2 дарегинен Э. Матыев көчөсү 45, Чаек айыл өкмөттүн имаратына өзгөртүлсүн.

2.Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагындагы № 4138 шайлоо участогунун дареги Теңдик айылынын Т. Усубалиев көчөсү, 30 дарегинде жайгашкан үрөөнчүлүк чарбасынын имаратынан Кочкор айылынын С. Алиев көчөсү, 103 дарегинде жайгашкан Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

3. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы Чаек айыл өкмөтү менен биргеликте, Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы Ормон-Хан айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дареги өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

4. Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Төрага                                                                                                      Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 26-сентябры

№ 80

 

Маалымкат негиздеме