13.07.2021 № 621 Ош аймактык шайлоо комиссиясынын чечимине «Жалпы иш» коомдук фондунун даттануусу жѳнүндѳ

2021-жылдын 8-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) укук коргоо органдарынан келип түшкѳн материалдар боюнча Ош аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары – Ош АШК) 2021-жылдын 8-июлундагы № 24/1 чечимин жокко чыгаруу тууралуу «Жалпы иш» коомдук фондунан даттануу келип түшкѳн.

«Жалпы иш» коомдук фонду милицияга шайлоочуларды сатып алуу фактысы боюнча маалымат келип түшкѳнүн, анын жүрүшүндѳ үч адам кармалып, алардан 115 000 сом жана шайлоочулардын тизмеси табылгандыгын билдирген. Кармалгандардын бирѳѳсү «Ынтымак» саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына № 17 талапкер Б.Латиханов болуп саналат.

Андан ары арыз ээси тергѳѳ иш-чараларын жүргүзгѳндѳ «Ынтымак» саясий партиясынын пайдасына шайлоочуларды сатып алуу фактысын аныктаган укук коргоо органдарынын маалыматтарына таянган.

Арыз ээсинин пикири боюнча, мындай аракеттер «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары – Мыйзам) 28-беренесинин 3-бѳлүгүнүн нормасына карама каршы келет, ага ылайык шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууга тыюу салынат. Арызда бул учурда аталган норманы ачыктан-ачык эле бузуу болгондугу кѳрсѳтүлгѳн. Өз кезегинде, Шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамдын 44-беренесинин 3-бѳлүгүнүн нормасына ылайык шайлоочуларды сатып алууну жасоого катышуу саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгарууга негиз болуп саналары кѳрсѳтүлгѳн.

Арыз ээсинин билдиргени боюнча, 2021-жылдын 8-июлунда Ош АШКнын жыйынында «Ынтымак» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартуу тууралуу чечимдин долбоору добушка коюлган. Бирок «Ынтымак» саясий партиясынын ѳкүлдѳрүнүн шайлоочулардын добуштарын сатып алууга катыштыгы бар экендигин тастыктаган жетиштүү материалдар болсо дагы Ош АШКсы аталган саясий партиянын каттоосун жокко чыгарган эмес.

«Жалпы иш» коомдук фонду Ош АШКнын аталган чечимин мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейт. Ушуга байланыштуу Ош АШКнын 2021-жылдын 8-июлундагы № 24/1 чечимин суратып алып, аны жокко чыгарууну, ошондой эле «Ынтымак» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартууну суранган. Даттанууну жана даттануу боюнча Ош АШКдан суратылып алынган материалдарды карап чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясы тѳмѳндѳгүлѳрдү аныктады.

2021-жылдын 7-июлунуда Ош аймактык шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна (мындан ары – Ош АШКнын ЫЧККТ) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча 2021-жылдын 7-июлунудагы БЖЖРге катталган №03-092-2021-002480 сотко чейинки ѳндүрүш материалдары боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын материалдары келип түшкѳн.

2021-жылдын 7-июлунда Ош АШКга Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын тергѳѳ кызматынан келип түшкѳн катка ылайык (№32/3-15/1300): «2021-жылдын 7-июлунуда Ош шаарынын ИИБнын улук ыкчам кызматчысы милициянын капитаны У. Айдаровдон 2021-жылдын 11-июлундагы Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо шайлоочуларды сатып алуу максатында «Ынтымак» саясий партиясынын ѳкүлдѳрү тарабынан Ош шаарындагы Джумабаев кѳчѳсүндѳ акча каражаттары таркатылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкѳн.

Бул маалмат Ош шаарынын ИИББнын маалыматтарды эсепке алуунун журналында №02-092-2021-002574 каттлаган, милиция кызматкерлери окуя болгон жерде болушуп, бардык зарыл материалдар жыйналган. Топтолгон сотко чейинки ѳндүрүш материалдары Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча 2021-жылдын 7-июлунуда №03-092-2021-002480 БЖЖРге катталган, сотко чейинки ѳндүрүш башталган.

1) Жеринде ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндѳ Х.К. Исманалиевадан мүлктүк далил катары жалпы суммасы 115 миң сом (жүз он беш миң сом) акча каражаты жана 7 барактан турган Ош шаарынын Эмир-Темир кичи районундагы Жалал-Абад кѳчѳсүндѳ жайгашкан шайлоочулардын тизмеси алынган.

Тергѳѳ иш-чарасынын жүрүшүндѳ Ош шаарынын Эмир-Темир кичи районундагы Жала-Абад кѳчѳсүндѳ жашаган, ѳзүн «Ынтымак» саясий партиясынын үгүтчүсү катары атаган Х.К. Исманалиева кѳрсѳтүлгѳн акча каражаттарын шайлоочуларды сатып алуу максатында алынган шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоочуларга 1000 (миң) сомдон таркатуу, ал эми ар бир шайлоочу үчүн сый акы катары ѳзүнѳ 500 сомдон алуу максатында «Ынтымак» саясий партиясынын талапкери Б.Л. Латихановдон алгандыгы боюнча кѳрсѳтмѳ берген. Ошондой эле Х. Исманалиева ѳз эрки менен тергѳѳгѳ сый акы катары алган 10 000 (он миң) сомду ѳткѳрүп берген.

2) Тергѳѳ иш-чарасынын жүрүшүндѳ жаран Ш.М. Розиевадан шайлоочулардын тизмеси менен баракчалар алынган. Ш.М. Розиева ѳзүнүн кѳрсѳтмѳсүндѳ «Ынтымак» саясий партиясынын үгүтчүсү экендигин жана азыркы учурга чейин шайлоодо «Ынтымак» саясий партиясына добуш берүү үчүн «Ынтымак» саясий партиясынын талапкери Б.Л. Латихановдон алган

15 шайлоочуга 1000 (бир миң) сомдон акча таркатканын тастыктаган.

Тергѳѳнүн жүрүшүндѳ Ш.М. Розиевадан алышкан жаран Э.А. Турсунбаевадан мүлктүк далил катары 4000 (тѳрт миң) сом, Л. Юсуповадан 1000 (бир миң) сом алынган. Аталган жарандар ѳздѳрүнүн кѳрсѳтмѳлѳрүндѳ алардан алынган акча каражаттары «Ынтымак» саясий партиясынын талапкери Б. Латихановго добуш берүү үчүн Ш. Розиевадан алышканын тастыкташкан».

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 10-бѳлүгүнүн талаптарына ылайык, Ош шаардык ИИБ аталган каты менен «Ынтымак» саясий партиясынын талапкери Б.Л. Латихановду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү үчүн Ош АШКга кайрылган.

Ош АШКнын 2021-жылдын 7-июлундагы №23/2 чечими менен Б.Л. Латихановду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилген.

2021-жылдын 8-июлунуда Ош АШКга Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын тергѳѳ кызматынан кат (№32/3-15/1310) келип түшкѳн, катта Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинин 2-бѳлүгүндѳ каралган кылмышты жасагандыгына шектелүү жѳнүндѳ билдирме тапшыруу менен КР ЖПК 98-99-беренелерине ылайык Б.Л. Латиханов ИИББнын СИЗОсуна камакка алынганы баяндалган. Бул кат Ош АШКга аймактык шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын алкагында мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликти кароо үчүн маалымат иретинде жѳнѳтүлгѳн.

Ош АШКнын отурумунда 8-июлда ушул маселе каралган, бирок №24/1 чечимге ылайык «Ынтымак» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынган эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9-июлундагы жыйынына «Жалпы иш» коомдук фондунан К.Б. Мамытова, Ош АШКнын тѳрагасы У. Аттокуров, «Ынтымак» саясий партиясынын тѳрагасы М.А. Маматалиев катышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында арыз ээси даттанууда кѳрсѳтүлгѳн жүйѳлѳрдү жана талаптарды аныктады.

Даттанууну жана ага тиркелген материалдарды карап чыгып, арыз ээсин жана кызыктар тараптарды угуп, Борбордук шайлоо комиссиясы Ош АШКнын 2021-жылдын 8-июлундагы № 24/1 чечимин мыйзамсыз, негизсиз жана тѳмѳндѳгү шарттар боюнча жокко чыгарууга жатат деп эсептейт.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 3-бѳлүгүндѳ шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууга тыюу салынары белгиленген.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 8-бѳлүгүнѳ ылайык, «Талапкер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет басылмалар ушул берененин 2, 3, 5 жана 6-бөлүктөрүнүн талаптарын бузган учурда шайлоо комиссиялары, шайлоочулар, талапкер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу жана күнөөлүү жактарды ушул Мыйзам жана колдонуудагы мыйзамдар менен белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш менен укук коргоо органдарына, сотко кайрылууга милдеттүү.

Укук коргоо органдары укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө жана табылган фактылар менен көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз маалымдоого милдеттүү».

Ошондой эле «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык «Шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары, прокуратура органдары, ички иштер органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул Мыйзамдын жана башка мыйзамдарынын талаптарынын так сакталышын камсыз кылат».

Жогоруда баяндалган нормаларга байланыштуу Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын тергѳѳ кызматы аркылуу укук коргоо органы тарабынан Ош АШКга шайлоочулардын добуштарын сатып алууга «Ынтымак» саясий партиясынын ѳкүлдѳрүнүн (талапкеринин) катыштыгы бар экендиги жѳнүндѳ тийиштүү материалдар берилген.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык, «Талапкерлерди көрсөтүү укугу төмөнкүлөргө таандык: шаарлардын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга», демек шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо саясий партиялар шайлоо процессинин субъектиси болуп саналышат.

Шайлоого катышкан саясий партиялар субъекттер чѳйрѳсүнѳ ээ (талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлер, шайлоо жана финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү, ишенимдүү адамдары, шайлоо комиссияларындагы саясий партиялардын ѳкүлдѳрү, байкоочулар, үгүтѳѳчүлѳр).

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 8-бѳлүгүнѳ ылайык, «талапкер, саясий партия ушул Мыйзамда каралган тартипте шайлоо комиссияларында өкүлдөрдү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү, ишенимдүү адамдарды дайындоого укуктуу. Ушул Мыйзамда каралган учурларда талапкер, саясий партия ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы менен байланышкан өздөрүнүн өкүлдөрүнүн аракеттери үчүн жоопкерчилик тартат».

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 5 жана 6-пункттарына ылайык, «Талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:

- аткаруу органдарынын жетекчилигинин же кызматкерлеринин саясий партиялардын өкүлдөрүнүн ушул Мыйзамдын 22-28-беренелери менен каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга түздөн-түз тиешелүүлүгүнүн фактылары ырасталганда;

- саясий партиянын аткаруу органынын жетекчилигинин, кызматкерлеринин же өкүлдөрүнүн шайлоочуларды сатып алуусунун же алардын шайлоочуларды сатып алууга тиешеси бар экендигинин фактылары ырасталганда».

Иш материалында камтылган укук коргоо органдарынан алынган маалыматтарга жана кѳрсѳтмѳлѳргѳ ылайык, «Ынтымак» саясий партиясынын ѳкүлдѳрүнүн аракеттеринде «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 5 жана 6-пункттарына ылайык, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгарууга алып келген бузуулар, атап айтканда талапкер Б.Л. Латиханов жана аталган саясий партиянын ѳкүлдѳрү шайлоочуларды сатып алууну ишке ашыргандыгы (Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бѳлүгүнүн талаптарын бузуулар) бар экендиги кѳрсѳтүлгѳн.

Мындан ташкары, укук коргоо органдары тарабынан берилген материалдар саясий партиянын пайдасына аталган адамдар тарабынан шайлоочуларды сатып алуунун эки эпизодун белгилейт, бул «Ынтымак» саясий партиясынын ѳкүлдѳрү тарабынан мындай бузуулардын ситемалуулугун билдирип турат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык «Шайлоо комиссиялары шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышына контролдук кылат жана кетирилген бузууларды четтетүү боюнча чараларды кабыл алат».

Өз кезегинде укук коргоо органдары тарабынан берилген шайлоолор жѳнүндѳ мыйзамдарды бузуу фактыларына Ош АШК тарабынан тийиштүү маани берилген эмес, бузуучуларга карата тийиштүү чаралар кабыл алынган эмес. Борбордук шайлоо комиссиясы ушул маселени кароодо жана даттануу боюнча чечим чыгарууда Ош АШКнын аркетсиздигин белгилейт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда ушул маселени кароодо «Ынтымак» саясий партиясынын тѳрагасы М.А. Маматалиев шайлоочуларды сатып алууга саясий партиянын ѳкүлдѳрүнүн катыштыгы бар экендиги тууралуу фактыны ырастады жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 54-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык талапкерлердин тизмесин чакыртып алуу тууралуу жана Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу жѳнүндѳ жазуу жүзүндѳ арызын берди.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17, 28, 44, 41, 54-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароосунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:
 

1. «Ынтымак» саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо жокко чыгарылсын.

2. Шайлоо мыйзамдарын бузуу учурларда аракетсиздикке жол бербѳѳ жѳнүндѳ Ош аймактык шайлоо комиссиясы эскертилсин.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси К. Маматовго жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                                                            Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 9-июлу

№ 621