01.07.2021 №595 2021-жылдын 18-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасытууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын18-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасытууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын18-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын4-июнундагы № 363токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоо болуп өттү.
Папанайыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 5 талапкер – Жалиев Сабыр Орунбаевич, Гадиев Кабыланбек Касымжанович, Калмуратов Мамбет Маматалиевич, Приев Жумабай Сатимкулович, Алимбеков Нурзаман Карыевичкатталган. ТалапкерлерПапанайылдык кеңештин депутаттарынансунушталган.
Кара-Сууаймактыкшайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 18-июнундагыпротоколу мененПапанайылдык кеңешиндеги 21 депутаттынбардыгы катышып,биринчи турунда С.О. Жалиев - 1 добуш, К.К. Гадиев – 2 добуш, М.М. Калмуратов –9 добуш, Ж.С. Приев – 0 добуш, Н.К. Алимбеков – 9 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш, экинчи турунда М.М. Калмуратов - 10 добуш, Н.К. Алимбеков– 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 18-июнундагыпротоколу мененАлимбеков Нурзаман КарыевичПапанайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1 арыз келип түшкөн. Келип түшкөн арыз каралып, ал боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынган.
2021-жылдын 18-июнундагыКара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Папанайыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасытууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын18-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Папанайыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоодо добуш
берүүнүнжыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасытууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 18-июнундагыпротоколдорубекитилсин.
1.1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Папанайыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Алимбеков Нурзаман КарыевичОш облусунун Кара-Суу районунун Папанайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайланганПапанайыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 1-июлу
№595