26.11.2024 №262 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы жөнүндө Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы жөнүндө Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө»  жобого ылайык:

- участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкаларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколунун негизинде Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана  өткөрүүдө Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясына 3 арыз түшкөн. Келип түшкөн арыздар каралып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды. Аймактык шайлоо комиссиясынын көрсөтүлгөн чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылган. Борбордук шайлоо комиссиясынын арыз даттанууларды жана үгүт эрежелерин кароо боюнча Жумушчу топтун отурумунда каралган. 3 арыз боюнча аймактык шайлоо комиссиянын чечимдерин күчүндө калтырды, ошону менен Борбордук шайлоо комиссиясынын 24-жылдын 2024-ноябрындагы №312 чечиминин 3-пункту менен Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясы № 6059 шайлоо участогунда шайлоочулардын добуштарын кайра саноо тууралуу чечим кабыл алынган. Кайра эсептөөнүн натыйжасы шайлоонун жыйынтыгына таасир эткен эмес. Бүгүнкү күндө каралбаган арыздар жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 17-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Депутаттарды шайлоонун натыйжалары жөнүндө Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 26-ноябрындагы төмөнкү протоколу бекитилсин:

- Бакай-Ата айылдык кеңешинин (1-тиркеме);

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясына жана тийиштүү айылдык кеңештерине жөнөтүлсүн.

4. Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 26-ноябры

№ 262