Башкы БШКнын ЧУА Токтом 13.09.2024 №118 КР БШКнын 2016-жылдын 31-октябрындагы №183 “Жергиликтүү …

13.09.2024 №118 КР БШКнын 2016-жылдын 31-октябрындагы №183 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөн...

Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» Кодекса Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике от 9 августа 2010 года, №141 16.12.2024 №266 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шайланган башчыларынын тизмеси 16.12.2024 №264 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.Т. Толоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 16.12.2024 №265 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Су 10.01.2025 №1 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Талас шаардык, Сузак, Ка 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Ш. Токторбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 30.08.2023-ж. №82 26.11.2024 №263 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.01.2025 №3 КРнын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө 23.01.2025 №4 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө 26.11.2024 №262 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы жөнүндө Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 25.11.2024 №261 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак жана Кара-Дарыя айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу 25.11.2024 №260 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу, Нарзан, Төлөк, Төрт-Гүл, Миң-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Москва аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 25.11.2024 №259 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №258 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө жана Э. Иманалиев айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө  Токтогул  аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №257 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Алай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №256 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №255 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районундагы Манас айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №254 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Акназаров, Биримдик, Күмүштак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №253 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Алай районундагы Жаңы-Алай, Жибек-Жолу, Курманжан-Датка, Памир-Алай, Тилектеш жана Үч-Дөбө-Алай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Алай аймактык шайлоо комиссия 24.11.2024 №252 ​​​​​​​2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районундагы А.Мирмахмудов, Бел, Гулистан, Жаңы-Ноокат, Кара-Таш, Кеңеш, Көк-Бел, Көк-Жар, Кыргыз-Ата, Н.Исанов, Т.Зулпуев, Т.Кулатов жана Төөлөс айылдык кеңештеринин депутатта 24.11.2024 №251 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ала-Тоо, Баш-Булак, Датка, Жоош, Мады, Манас, Отуз-Адыр, Папан, Савай жана Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кара-Суу аймактык шай 24.11.2024 №250 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №249 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районундагы А.Масалиев, Ак-Турпак, Бирлик, Исхак-Полотхан, Майдан, Молдо Нияз, Орозбеков, Үч-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кадамжай ай 24.11.2024 №248 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №247 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №246 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районундагы З. Кайназарова атындагы, Военно-Антоновка, Гавриловка, Жаңы-Пахта, Күнтуу, Төмөнкү-Чүй, Сары-Өзөн, Сокулук айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүн 24.11.2024 №245 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №244 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Сары-Камыш, Толук, А. Суеркулов, жана Үч-Терек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу 24.11.2024 №243 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы, Атабеков, Кызыл-Туу, Багыш, Көк-Арт, жана Кыз-Көл, айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын прото 24.11.2024 №242 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районуну Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №241 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №240 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №239 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу, Жаңы-Жер, Кең-Талаа, Кулунду, Лейлек, Сумбула, Тогуз-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Лейлек аймактык шайлоо комиссиясыны 23.11.2024 №238 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №237 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен  районундагы Д.Садырбаев, Э.Алиев, Момбеков  жана Бүргөндү-Достук  айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын проток 23.11.2024 №236 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман, Кеңеш, Арстанбап-Ата, жана Сайдыкум айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын проток 23.11.2024 №235 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районуну Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №234 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуну Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №233 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №232 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Кудук, Жайылма, Жээк, Кең-Булун, Кочкорбаев, Нурманбет, Сын-Таш, Узун-Кыр, Ысык-Ата айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ысык-Ата аймакты 23.11.2024 №231 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Чүй районундагы Биримдик, Бурана, Онбир-Жылга, С.Ибраимов,  Чүй айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №230 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Аламүдүн районундагы А. Сыдыков, Арашан, Байтик-Баатыр, Достук, Кара-Жыгач, С. Чокморов, Таш-Мойнок айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Аламүдүн аймактык шайлоо 23.11.2024 №229 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат, Жайыл, Сары-Коо, Суусамыр, Талды-Булак, Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жө 23.11.2024 №228 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №227 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай, Ак-Татыр, Алтын-Бешик, Кара-Бак, Самаркандек, Суу-Башы, Төрт-Гүл айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Баткен аймактык шайлоо комисс 23.11.2024 №226 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №225 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №224 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 31-октябрындагы №183 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-августундагы №158  Мыйзамына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 31-октябрындагы №183 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна (КР БШК 2019-жылдын                    13-сентябрындагы  №136, 2020-жылдын 4-февралындагы №31, 2021-жылдын 17-апрелиндеги №110 токтомдорунун редакцияларында) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө” Жободо:

- 2.3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: 

 “Шайлоочуларды идентификациялоо процессинин жана добуш берүүнүн жүрүшүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу үчүн добуш берүү үчүн жайларда видеокөзөмөл орнотулат.”;

- 3.2-пунктундагы “шайлоо бюллетендерин берүүчү " деген сөздөр алып салынсын;

- 3.3-пункттагы "шайлоо бюллетендери жана" деген сөздөр алып салынсын;

- 3.4-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы карап чыгуу үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып олтурган байкоочуларга, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына ичи бош автоматтык эсептөө урналарын көрсөтөт. Андан кийин сактоочу резервуар жана  урнанын капкагы номерленген пломбалуу чаптамалар менен пломбаланат, андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы контролдук барактарды түшүрөт, аларда шайлоо участкасынын номери, контролдук барактарды урналарга түшүрүү убактысы көрсөтүлөт. шайлоо ящиктери, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана башка мүчөлөрүнүн фамилиялары, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана башка мүчөлөрүнүн, катышкан саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын фамилиялары көрсөтүлөт, андан кийин пломбаланган урна оптикалык сканер аркылуу кайрадан пломбаланат.

Автоматтык эсептөөчү урналар эки карама-каршы тараптарына пломбаланат.»;

- 3.5., 3.6-пункттар, 3.7-пункттун бешинчи абзацы, 3.8., 3.10 жана 3.11-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;

- 3.7-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Шайлоочуну идентификациялагандан кийин чек жана шайлоо бюллетени чыгарылат  Шайлоо бюллетени менен кошо чек шайлоочу тарабынан аны шайлоочулардын кагаз түрүндөгү  тизмесине каттаган    участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө көрсөтөт. Шайлоочу ал тууралуу кол коет.»;

- 3.14-пункттагы "шайлоо бюллетенин берген мүчөсүнө" деген сөздөр алып салынсын;

- 3.14-пункттагы "ага жаңы шайлоо бюллетенин берет" деген сөздөр "атайын СМАРТ-карттын жардамы менен шайлоо бюллетенин басып чыгарат. деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3.14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:

Жаңы шайлоо бюллетени бир гана жолу басып чыгарылат.”;

- 3.15-пункттагы “Шайлоо бюллетенин алганына өз алдынча кол коюуга жана” деген сөздөр алып салынсын;

- 3.16-пункттагы "шайлоочулар тарабынан" деген сөздөр "шайлоочулар тийиштүү мөөр коюлган (пломбаланган) " деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3.16-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Шайлоо бюллетендеринин санына негизделген, автоматтык эсептөөчү урна тарабынан саналган жана анын мониторунда чагылдырылган добуш бергендердин саны тууралуу маалымат участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан актыга киргизилет жана аймактык шайлоо комиссиясына ар бир 2 саатта берилип турат. Аймактык шайлоо комиссиясынын системалык администратору алынган маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына киргизет жана автоматтык түрдө жарыялайт. Шайлоо бюллетендеринин санына негизделген, автоматтык эсептөөчү урна тарабынан саналган жана анын мониторунда чагылдырылган добуш берген шайлоочулардын саны жөнүндө акыркы маалымат шайлоо участкалары жабылгандан кийин дароо, бирок бюллетендери бар урналардын ачканга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет.”

- 3.20-пункт “ бузулган учурда,” деген сөздөрдөн кийин “эгерде автоматтык эсептөө урнасын текшерип кароонун натыйжасында ал калыбына келтирилүүгө жатпаса ” деген сөздөр менен толукталсын;

- 3.20-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Запастык автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү туруктуу орнотулган ящикти пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык комиссиянын катышып отурган бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.”;

- 3.20-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Автоматтык эсептөөчү урналардын бузулуусунун натыйжасында алмаштырылган иштөө жөндөмү калыбына келтирилген учурда, добуш берүү аяктагандан кийин автоматтык эсептөөчү урналардын жыйынтыктоочу отчетун түзүү үчүн аларды пайдаланууга жол берилет. Мында акт түзүлүп, катышып отурган бардык участкалык комиссиянын мүчөлөрү, операторлор, байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү тарабынан ага кол коюлат.”;

- 3.21-пункттун биринчи абзацы "добуш беришет," деген сөздөрдөн кийин "анча оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган шайлоочулар, эгерде шайлоо өткөрүлүп жаткан шайлоо участкасы алар турган аймакта жайгашкан болсо, добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш беришет.” деген сөздөр менен толукталсын.

- 3.21-пункттун үчүнчү абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнү  мөөрлөнүп жабылган (пломбаланган) көчмө үкөктөрдү алган оператор менен биргелешип участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жүргүзөт.”:

 - 3.21-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

Чүчүкулак өткөрүүнүн убактысын жана ордун участкалык шайлоо комиссиясы талапкерлерге,  саясий партияларга, коомдук байкоочуларга маалымдоого милдетүү.”;

- 3.21-пункттун жетинчи абзацындагы "жеке маалыматтар" деген сөздөрдөн кийин "андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү чекке алмаштыруу үчүн ага шайлоо бюллетенин берет." жана «Шайлоо бюллетенин берүүдө шайлоочулардын кагаз тизмесине шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин сериясы жана номери жазылат» деген сүйлөмдөр  алып салынсын:

- 3.21-пункттун жетинчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет жана добуш берүү жайынан тышкары жерде аларга добуш берүү мүмкүндүгүн берүү жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берген шайлоочулардын реестринин негизинде түзүлүүчү, добуш берүү жайынан тышкары жерде добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине кол коёт.”;

- 3.21-пункттун тогузунчу абзацтагы " шайлоо бюллетендерин алууда өз алдынча кол кое албаса же” деген сөздөр алып салынсын;

- 4.1-пункттагы "шайлоо бюллетендерин ала алышарын жана" деген сөздөр алып салынсын;

- 4.4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Участкалык шайлоо комиссиясынын   мүчөлөрү ката кетирүү менен толтурулган (бузулган) шайлоо бюллетендерин кайра санап чыгат, аларды төмөнкү оң бурчун кесүү жолу менен керектен чыгарат (мында катталган талапкерлер, талапкерлердин тизмеси жөнүндө маалыматтардын оң жагында жайгашкан чарчыларды бузууга жол берилбейт) жана ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына тапшырат, бул жөнүндө акт түзүлөт. Ката толтурулган (бузулган) катары шайлоочулар кайтарып берген шайлоо бюллетендеринин саны, бардык жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин санынын суммасы катары жарыя кылынат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган таризине киргизилет.”

 - 4.6-пункттагы "алынган" жана "берилген" деген сөздөр алып салынсын;

- 4.9-пункттагы "берилген" деген сөздөр "алынган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 5.2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууну аймактык шайлоо комиссиясы түздөн-түз участкалык шайлоо комиссияларынан жана аралыктан добуш берүүчү шайлоо участкаларынан  келип түшкөн протоколдордун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен жүргүзөт. Аралыктан добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө протокол КР БШКнын системалык администратору тарабынан басылып чыгарылат жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасына тапшырылат.”;

- 5.13-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы "эгерде" деген сөздөрдөн кийин "шайлоону  даярдоо," деген сөздөр менен толукталсын;

- 5.13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

“Мында талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары бузуунун оордук даражасына, бузуу жасалган аймакка жараша шайлоо участоктун/участоктордун чегинде же жалпы эле округ боюнча жокко чыгарылышы мүмкүн.

Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүнү эсептөөнүн максаттары үчүн алар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган талапкерге, саясий партиянын талапкерлеринин тизмесине берилген шайлоочулардын добуштары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын катарында эске алынбайт.”;

- 5.14-пункттун экинчи абзацындагы "Шайлоочулардын" деген сөздөн мурда  "Шайлоолорду даярдоонун жүрүшүндө," деген сөздөр менен толукталсын; 

- 5.15-пункттагы “бир бөлүгүндө” деген сөздөрдөн кийин “талапкерлер (талапкерлер), саясий партиянын (партиялардын) талапкерлеринин тизмеси боюнча” деген сөздөр менен толукталсын;

- 5.17-пункт  “талапкерлер” деген сөздөн кийин “, саясий партиялар " деген сөздөр менен толукталсын;

- 5.17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Мындай учурда талапкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.”;

5.19-пункт төмөнкүдөй редакциядагы биринчи абзац менен толукталсын:

“Тийиштүү шайлоо комиссиялары шайлоонун натыйжалары жөнүндө жалпы маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун натыйжалары бекитилгенден кийин 3 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жөнөтүшөт.”.

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2024-жылдын 13-сентябры

№ 118