05.03.2024 №13 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын кал

2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу  жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу  боюнча депутаттарын  мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 4-мартындагы №60 Жарлыгы менен дайындалган №2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу максатында,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш, 2024-жылдын 5-марты

№ 13