16.09.2021 №701 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңещинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы ПЖ №370 Жарлыгына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 40-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнундө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4,8,14 беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 592 531 000 (беш жүз токсон эки миллион беш жүз отуз бир миң) сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин, анын ичинде:
1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасын, анын ичинде 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарынын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө зарыл болгон борборлоштурулган сатып алууларды шайлоо комиссияларынын жүзөгө ашыруусу үчүн каражаттар (2- тиркеме);
2) 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө төмөн турган шайлоо комиссияларынын чыгымдарынын сметасы (3- тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсеп, отчеттуулук бөлүмү экономика жана финансы Министрлиги менен өз ара аракеттешип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү каржылоону уюштурсун, бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарын тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына бекитилген сметага ылайык бөлүштүрүүнү камсыздасын.
3. Аймактык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарын тиешелүү участкалык шайлоо комиссияларына бөлүштүрүүнү камсыздасын, бекитилген сметага ылайык аларды финансылык жактан камсыздоону уюштурсун жана ал каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контролдоо жүргүзүүнү камсыздасын.
4. Шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө акча каражаттарын бөлүнгөн каражаттардын чегинде бекитилген сметага ылайык чыгымдайт.
5. Округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары акча каражаттарын тескешет, финансы документтеринин шайлоо комиссияларынын финансы маселелери боюнча чечимдерине ылайыктуулугу жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына финансылык отчетторду мыйзамда белгиленген мөөнөттө жана тартипте берүү үчүн жоопкерчилик тартышат.
6. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн шайлоо комиссияларына бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарынын максаттуу пайдаланылышына контролдоо жүргүзсүн.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы Министрлигине жөнөтүлсүн.
8. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
9. Бул токтомдун аткарылышына контролдоо жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровко жүктөлсүн.

                   ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек шаары, 2021-жылдын

16 - сентябры № 701