09.10.2025 №99 Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо боюнча
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын
резервин толуктоо боюнча
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого, аймактык шайлоо комиссияларынын резервине келип түшкөн документтерди кароо боюнча жумушчу топтун 2025-жылдын 8-октябрындагы № 5 чечимин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын талапкерлери тиркемеге ылайык киргизилсин.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек шаары, 2025-жылдын 9-октябры
№ 99
