19.09.2025 №76

Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүүдө пайдаланылуучу автоматташтырылган маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, техникалык тейлөө жана жаңыртуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү техникалык операторду аныктоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жүктөлгөн функцияларды, максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасында бардык түрдөгү шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүүдө пайдаланылуучу автоматташтырылган маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, техникалык тейлөө жана жаңыртуу процессин натыйжалуу жана үзгүлтүксүз уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 258 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы № 91 “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформацияны мындан ары өркүндөтүү чаралары жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыгынын 1-пунктунун 7-пунктчасын жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4 жана 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алдындагы “Кызмат” мамлекеттик мекемеси төмөнкү кызматтарды көрсөтүүчү техникалык оператор катары аныкталсын:

- Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүүдө пайдаланылуучу автоматташтырылган маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, техникалык тейлөө жана жаңыртуу боюнча;

- шайлоочулар жана референдумга катышуучулар жөнүндө маалыматтардын, алардын биометрикалык жана жеке маалыматтарынын негизинде шайлоочулардын жана референдумга катышуучулардын алдын ала тизмелерин түзүп, Шайлоочулардын бирдиктүү каттоо системасына жүктөө боюнча;

- шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Калктын мамлекеттик жарандык реестриндеги маалыматтардын негизинде Шайлоочулардын бирдиктүү каттоо системасында өз убагында актуалдаштыруу боюнча;

- шайлоочуларды жана референдумга катышуучуларды идентификациялоо үчүн жабдуулардын комплекттерин даярдап, шайлоочулардын биометрикалык маалыматтары камтылган тизмелерди жүктөө жана кийинчерээк жабдууларды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өткөрүп берүү боюнча.

2. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгы ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленген кызматтарды көрсөтүү боюнча “Кызмат” мамлекеттик мекемеси менен түзүлө турган келишимди даярдап, бекитүүгө киргизсин.

3. Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына, “Кызмат” мамлекеттик мекемесине жана аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

                                          Төрага                                                                                    Т. Шайназаров

Бишкек ш., 2025-жылдын 19-сентябры

№ 76