30.09.2022 №87 «Аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 26-июлундагы № 111 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

«Аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 26-июлундагы № 111 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш тажрыйбаны туруктуу өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү жана колдонуу боюнча тажрыйбаны алмашуу жана сунуштарды улантуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 3, 19, 20-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. «Аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 26-июлундагы № 111 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- «Аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын кеңешинин  курамы» деген 2-тиркеме бул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2022-жылы 30-сентябры  

87