22.11.2024 №205 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган  Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Каракол шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ, 28 шайлоо участкасы түзүлгөн жана1 аралыктан добуш берүү үчүн түзүлгөн участкасы.

Шайлоочулардын тизмесине 50139 шайлоочу киргизилген.

Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 5 саясий партия катталган: «Бирге-Вместе», «Ынтымак», «Эмгек», «Ыйман-Нуру», «Жаңы Кыргызстан».

Каракол аймактык шайлоо комиссиясы 28 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары туралуу протоколдорунун негизинде Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктады.

Добуш берүүгө жалпысынан 13560 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 27,04%  түзөт, анын ичинде аралыктан добуш берүүгө 143 шайлоочу катышты.

Каракол шаардык кеңешинде мандаттардын саны 41.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 5 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: «Бирге-Вместе»- 5726 добуш (42,67%) - 18 мандат; «Эмгек» - 2804 добуш (20,90%) - 9 мандат; «Жаңы Кыргызстан» - 2313 добуш (17,24%) -7 мандат; «Ынтымак» - 1253 добуш (9,14%) - 4 мандат; «Ыйман-Нуру» - 1073 добуш (8,00%) - 3 мандат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык:

- 28 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүү участкаларынын жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкаларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Каракол аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1 -беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Каракол аймактык шайлоо комиссиясына жана Каракол шаардык кеңешине жиберилсин.

4. Каракол аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 23-ноябры

205