18.04.2022 №49 2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2022-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2022-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 31 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,11-беренелерине ылайык Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө 1 шайлоо округу түзүлүп, 1 шайлоо участкасы уюштурулган. Шайлоочулардын тизмесин 2248 шайлоочу киргизилген.

Тоголок-Молдо айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны 11, анын ичинен 4 мандат аялдар үчүн резервделинген. 14 талапкер катталган, анын ичинде 6 аял.

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы 1 участкалык шайлоо комиссиясынан добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколунун негизинде Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоонун натыйжасын аныктаган.

Добуш берүүгө жалпысынан 739 шайлоочу катышып 32,87%ды түздү. 11 депутат шайланды, анын ичинен 5 депутат аял.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин  депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде арыз жана даттануулар түшкөн жок.

 «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы   

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 13-апрелиндеги Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин  депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясына жана Тоголок-Молдо айылдык кеңешине жиберилсин.

4. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын  18-апрели

№ 49