№89

Араван жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

  1. Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Алибекова Феруза Кадыралиевна берген арызына ылайык комиссиянын курамынан чыгарылсын;

– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Сайибжанов Талибжон резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

  1. Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– “Замандаш” саясий партиясынан Асанбеков Куватбек Асанбекович берген арызына ылайык комиссиянын курамынан чыгарылсын;

– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Торобекова Наргиза Медетбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Эркин-Тоо мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 19-августу

№ 89