17.03.2025 №16

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кемин, Майлуу-Суу, Ноокен, Тоң жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

1. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:

.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-мартындагы № 3 Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык кеңеши боюнча;

.Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-мартындагы № 1 Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңеши боюнча;

.Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 12-мартындагы № 1 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык кеңеши боюнча;

- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 7-мартындагы № 1 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу, Жети-Өгүз жана Барскоон айылдык кеңештери боюнча.

2.“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 11-бөлүгүнүн негизинде, жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:

.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-мартындагы № 4 Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык кеңеши боюнча чечими.

.Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-мартындагы № 1 Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңеши боюнча чечими;

.Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 12-мартындагы № 1 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык кеңеши боюнча.

3.“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:

.Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 7-мартындагы № 1 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу, Жети-Өгүз жана Барскоон айылдык кеңештери боюнча.

.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-мартындагы № 2 Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айылдык кеңеши боюнча.

Аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, “Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет”.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, ошондой эле аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдерин эске алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

– Кемин, Майлуу-Суу, Ноокен жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;

. Кемин, Майлуу-Суу, Ноокен, Тоң жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын тизмеде катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык.

2..Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

3.. Кемин, Майлуу-Суу, Ноокен, Тоң жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялары, 2-тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

4..Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана “Эркин-Тоо” гезитине жарыялансын.

5..Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

6..Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

 

Төраганын орун басары                                                              А. Жупуева

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 17-марты

№ 16