22.11.2024 №190 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Нарын облусунун Жумгал районундагы Жумгал, Куйручук-Кызарт, Түгөл-Сай, Байзак, Чаек жана Миң-Куш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын прот

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Нарын облусунун Жумгал районундагы Жумгал, Куйручук-Кызарт, Түгөл-Сай, Байзак, Чаек жана Миң-Куш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Жумгал районундагы Жумгал, Куйручук-Кызарт, Түгөл-Сай, Байзак, Чаек жана Миң-Куш айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоо болуп өттү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык:

- участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүү участкалык шайлоо комиссияларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Жумгал, Куйручук-Кызарт, Түгөл-Сай, Байзак, Чаек жана Миң-Куш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын белгиледи.

Жумгал, Куйручук-Кызарт, Түгөл-Сай, Байзак, Чаек жана Миң-Куш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына 1 арыз түшкөн. Келип түшкөн арыз каралып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынган. Кабыл алынган чечимге арыз даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы депутаттарды шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин:

- Жумгал айылдык кеңешинин (1-тиркеме);

- Куйручук-Кызарт айылдык кеңешинин (2-тиркеме);

- Түгөл-Сай айылдык кеңешинин (3-тиркеме);

- Байзак айылдык кеңешинин (4-тиркеме).

- Чаек айылдык кеңешинин (5-тиркеме).

- Миң-Куш айылдык кеңешинин (6-тиркеме).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына жана тийиштүү айылдык кеңештерине жөнөтүлсүн.

4. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 22-ноябры

№ 190