11.06.2024 №70 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат, №29 Свердлов жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө

2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат, №29 Свердлов жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесине,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 2024-жылдын 7-июнундагы №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, 2024-жылдын 7-июнундагы №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча жана 2024-жылдын 8-июнундагы №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетенинде талапкерлердин кезектүүлүгүн аныктоо боюнча өткөрүлгөн чүчүкулактын натыйжасы жөнүндөгү протоколдоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 22-январындагы №13 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын шайлоолорунда жана референдумдарында шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө» жобосун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Катуу отчеттуулуктагы документтерди даярдоо жөнүндө» 997-жылдын 22-сентябрындагы № 540 токтомун жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат, №29 Свердлов жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдарынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендеринин тексти тиркеме ылайык бекитилсин. 

2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо бюллетендерди Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 24 дареги боюнча жайгашкан «Учкун» ААКсында даярдоо ишке ашырылсын.

3. Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы жана маалымат-коммуникация технологиялар башкармалыгы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо бюллетендерин даярдоо процессинде, шайлоо бюллетендеринин формасы жана сактоо даражасынын талаптарын камсыздоо максатында алдын-ала тестирлөөнү ишке ашырсын.

4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты мыйзамда белгиленген тартипте шайлоо бюллетендерин Ноокат, Свердлов жана Ысык-Көл округдук шайлоо комиссияларына жеткирүүнү жана өткөрүп берүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

5. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркемесиз).

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш, 2024-жылдын 11-июну

№ 70