05.07.2021 №608 2021-жылдын 29-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-июнундагы №473 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.

Учкун айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Жумабаев Рустам Тилебекович, Омүрзаков Эркинбек Мусилимович катталган. Талапкерлер Учкун айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 29-июнундагы протоколу менен Учкун айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, Р.Т. Жумабаев - 6 добуш, Э.М. Омүрзаков – 14 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

  • аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 29-июнундагы протоколу менен Омүрзаков Эркинбек Мусилимович Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 29-июнундагы Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылдын 29-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 29-июнундагы протоколдору бекитилсин.

  1. Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Омүрзаков Эркинбек Мусилимович Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Нарын аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Учкун айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.


 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 5-июлу

№ 608