№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттарын каттоо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 13-февралындагы №14 токтомуна ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары катталсын:
- Алтынбеков Айбек;
- Мамытов Талант Турдумаматович;
- Карабекова Айгүл Асановна.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамалар жана төш белгилер берилсин.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-жылдын 18-февралы
№25