29.07.2024 №92 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу,  депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Бишкек, Лейлек, Нарын шаардык, Нарын, Кемин, Сокулук, Өзгөн, Чаткал жана Манас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу,  депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү негиздер боюнча чечимдери келип түштү:

1. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:

- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 25.07.2024-ж. №9  Бишкек шаарынын Бишкек шаарыдык кеңеши боюнча;

- Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 19.07.2024-ж. №5  Баткен облусунун Лейлек районундагы Раззаков шаардык кеңеши боюнча;

Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 15.07.2024-ж. №18  Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча;

- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 25.07.2024-ж. №7, №8  Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак жана Казан-Куйган айылдык кеңештери боюнча;

- Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 23.07.2024-ж. №9  Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка шаардык кеңеши боюнча;

- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 23.07.2024-ж. №11  Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб жана Салам-Алик айылдык кеңештери боюнча;

- Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын 23.07.2024-ж. №5 – Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылдык кеңеши боюнча;

- Манас аймактык шайлоо комиссиясынын 23.07.2024-ж. №2 – Талас облусунун Манас районундагы Покровка айылдык кеңеши боюнча;

2. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктунун жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде, депутат каза болгондугуна байланыштуу жергиликтүү кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Раззаков шаардык кеңеши боюнча 19.07.2024-ж. №6 чечими;

3. жеке арыздардын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка шаардык кеңеши боюнча 23.07.2024-ж. №9 чечими;

4. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:

- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 25.07.2024-ж. №9  Бишкек шаарынын Бишкек шаарыдык кеңеши боюнча;

- Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 19.07.2024-ж. №5, №6  Баткен облусунун Лейлек районундагы Раззаков шаардык кеңеши боюнча;

Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 18.07.2024-ж. №19  Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча;

- Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 23.07.2024-ж. №10  Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка шаардык кеңеши боюнча;

5. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:

- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 25.07.2024-ж. №8  Нарын облусунун Нарын районундагы Казан-Куйган айылдык кеңеши боюнча;

- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 22.07.2024-ж. №12  Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айылдык кеңеши боюнча;

- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 23.07.2024-ж. №12  Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб жана Салам-Алик айылдык кеңештери боюнча;

- Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын 23.07.2024-ж. №5 – Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылдык кеңеши боюнча;

6. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-2-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды резервге калтыруунун негизинде мандат алган депутат-аялдын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда тийиштүү шайлоо округунда шайлоочулардын кыйла көп добуштарын алган кийинки талапкер аялга өткөрүп берүү жөнүндө  Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак айылдык кеңеши боюнча 25.07.2024-ж. №7 чечими.

Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек, Лейлек, Нарын шаардык, Нарын, Кемин, Өзгөн, Чаткал жана Манас аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бишкек, Лейлек, Нарын шаардык, Нарын, Кемин, Сокулук, Өзгөн жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

5. Бишкек, Лейлек, Нарын шаардык, Нарын, Кемин, Сокулук, Өзгөн жана Чаткал аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА   

  

Бишкек ш., 2024-жылдын 29-июлу

№ 92