23.11.2024 №226 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган  Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 13 шайлоо участок түзүлгөн.

Шайлоочулардын тизмесине 11562 шайлоочу киргизилген.

Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 8 саясий партия катталган: «Мекендеш», «Адилет», «Жаңы Кыргызстан», «Таза Коом», «Ынтымак», «Ыйман Нуру», «Жаңы Доор», «Мурас».

Добуш берүүгө жалпысынан 5149 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 44,5% түзөт, анын ичинде аралыктан добуш берүүгө 26 шайлоочу катышты.

Сүлүктү шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 8 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: «Мекендеш» - 1746 добуш (34,49%) - 11 мандат;  «Адилет» - 468 добуш (9,24%) - 3 мандат; «Жаңы Кыргызстан» - 522 добуш (10,31%) - 3 мандат; «Таза Коом» - 682 добуш (13,47%) - 4 мандат; «Ынтымак» - 412 добуш (8,3%) - 3 мандат; «Ыйман Нуру» - 335 добуш (6,61%) - 2 мандат; «Жаңы Доор» - 455 добуш (8,98%) - 3 мандат; «Мурас» - 400 добуш (7,9%) - 2 мандат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык:

- 13 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүү участкалык шайлоо комиссияларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз жаттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51,  56-1-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 20-ноябрындагы Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясына жана Сүлүктү шаардык кеңешине жиберилсин.

4. Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 23-ноябры

№ 226