26.09.2025 №77

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жөнүндө” 2021-жылдын 1 июлундагы № 592 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8, 13-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 86 жана 87-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жөнүндө”
    2021-жылдын 1-июлундагы № 592 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун уставда:

  • 1-пунктта “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы” деген сөздөрдөн кийин “(мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы)” деген сөздөр менен толукталсын;
  • Уставдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “Борбордук шайлоо комиссиясы” деген сөздөргө алмаштырылсын;
  • 8-пунктта “БШКнын” деген сөздөр “Борбордук шайлоо комиссиясынын” деген сөздөргө алмаштырылсын;
  • 16-пункттун сегизинчи жана тогузунчу абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– Жарандык билим берүү борборунун уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы менен макулдашуу боюнча бекитет жана өзгөртөт;

  • Жарандык билим берүү борборунун кызматкерлерин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы менен макулдашуу боюнча эмгек келишими боюнча кабыл алат жана иштен бошотот.” ;
  • 19-пункттун экинчи абзацында “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын бюджетинде” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде” деген сөздөргө алмаштырылсын;
  • 22-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Жарандык билим берүү борбору жыл сайын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат, бюджеттик жана бюджеттен тышкары каржылоо булактары жана алардын сарпталышы тууралуу отчет берет.”;

  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун директору Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 токтому менен бекитилген Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборун мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүүнү ишке ашырсын.
  2. Ушул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

            Төрага                                                                                                 Т.Шайназаров

 

Бишкек ш. 2025-жылдын 19-сентябры

№ 77

Маалымкат негиздеме