14.12.2021 №834 № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болбой калды деп таануу жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтому менен бир мандаттуу №29 Свердлов шайлоо округунун схемасы жана чек арасы бекитилди.

Бир мандаттуу Свердлов шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 60 шайлоо участогу түзүлгөн. 

Бир мандаттуу №29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 103 520 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 29 826   шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 28.81%ды түздү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 4 талапкерди каттады:

 

  1. Самаков Нурдин Талантбекович;
  2. Кенжебаев Акназар Аскарбекович;
  3. Дайырбеков Таалайбек Эсенбекович;
  4. Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевич.

Бир мандаттуу №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 1 арыз даттануу түштү. Түшкөн арыз  даттануу каралып чыкты жана ал боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.

№29 Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9-декабрындагы №15/1 чечими менен, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, №1303, 1324, 1340, 1344 шайлоо участкаларында шайлоо бюллетендеринин саны шайлоочулардын санынан ашып кеткендигине байланыштуу добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды.

Ал көрөстүлгөн шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу №29 Свердлов округунун натыйжасына таасир этпеген. Шайлоонун натыйжалары боюнча №29 Свердлов шайлоо округунун 56 шайлоо участогунда жыйынтыктар чыгарылды.

Бир мандаттуу №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык:

Самаков Нурдин Талантбекович – 2274 (7,62%) добуш алды;

Кенжебаев Акназар Аскарбекович – 1625 (5,45%) добуш алды;

Дайырбеков Таалайбек Эсенбекович – 5208 (17,46%) добуш алды;

Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевич – 8041 (26,96%) добуш алды;

-“Баарына каршы” позициясы үчүн - 11295 (37,87%) добуш берилди.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, эгерде башка талапкерге караганда алда канча көп сандагы добуш алган талапкер үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны, шайлоочулардын бардык талапкерлерге каршы берилген добуштарынын санынан аз болсо, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо болбой калды деп таанылат. Бул учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.

Бир мандаттуу №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу №29 Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 6-декабрындагы протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 1,3-бөлүктөрүнун, 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болбой калды деп таанылсын.

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш. 2021-жылдын 14-декабры

№834