23.09.2024 №139 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-январындагы №15 токтому менен бекитилген Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районун кээ бир шайлоо участокторунун схемалар

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-январындагы №15 токтому менен бекитилген Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районун кээ бир шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына, Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын №2050, №2116 Жалал-Абад шаарына караштуу шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын өзгөртүү боюнча 2024-жылдын 18-сентябрындагы №8 чечими келип тушкөн.

Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын чечими Жалал-Абад шаарынын мэринин 2024-жылдын 18-сентябрындагы №9/10 кайрылуусунун негизинде кабыл алган.

Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун Сузак районун Барпы айыл аймагына караштуу №2394, №2353 жана №2015 шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизүү боюнча Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 14-сентябрындагы №6 чечими келип түшкөн.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын чечими Барпы айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 13-сентябрындагы №01-20/1126 кайрылуусунун негизинде кабыл алган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-январындагы №15 бекитилген «Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районун кээ бир шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу» токтомунун тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Жалал-Абад облусунун Сузак районун Барпы айыл аймагынына караштуу №2394, №2353 жана №2015, ошондой эле Жалал-Абад шаарына караштуу №2050, №2116 шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бул токтомдун 1-тиркемесине ылайык баяндалсын;

- Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айыл аймагынын караштуу Чоко-Дөбө айылында К. Садыков көчөсүндө жайгашкан №112 орто мектептин имаратынына жаңы №2456 шайлоо участкасы түзүлсүн жана схемасы, чек арасы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин;

- Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл аймагына караштуу №2353 шайлоо участогу жоюлсун.

2. Сузак аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жаңыдан түзүлгөн шайлоо участкаларынын схемаларын, чек араларын жана дарегинин өзгөргөнү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Сузак аймактык шайлоо комиссиясы №2456 участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзсүн.

4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 23-сентябры

№ 139