06.12.2022 №101 Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү С. Асыланов каза болгондугуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4,  8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 19-беренелерине, 22-беренесинин  10-бөлүгүнүн 6-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Асыланов Саитказы комиссиянын курамынан чыгарылсын;
  • «Жаңы-Доор» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Иматиллаева Махабат Жолдошбаевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2022-жылы 6-декабры

№ 101