04.05.2024 №46 №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу

№9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттарын  мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 4-мартындагы №60 Жарлыгы менен №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган. 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №684 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунун схемасы жана чек арасы бекитилген.

Шайлоону уюштуруу уюштуруу үчүн 62 шайлоо участогу түзүлгөн.

Шайлоочулардын тизмесине 112 033 шайлоочу киргизилген.

№9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 12 талапкерди каттады. Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызынын негизинде катталган талапкерлер Алимжан уулу С., Р.Н. Маматовдун, Д.Т. Давляновдун, Г.А. Бадаловдун, А.А. Джунусовдун каттоосу жокко чыгарылган. Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 7 талапкер шайлоого катышты.

№9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Кара-Суу округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 1-майындагы протоколуна ылайык, 2024-жылдын 28-апрелинде добуш берүүгө 21 023 шайлоочу катышкан, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин ичинен 18,77% түздү.

Талапкерлер шайлоочулардын төмөнкүдөй сандагы добуштарын алышты:

1. Ажимаматов Сталбек Асанович - 2682 голоса (12,76%);

2. Бакир Бакытбек - 533 добуш (2,54%);

3. Эргешов Толкун Турдукулович - 2651 добуш (12,61%);

4. Курбанов Раимжан Рахманович - 1884 добуш (8,96%);

5. Мамазакиров Рустам Умарович - 1112 добуш (5,29%);

6. Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович - 7599 добуш (36,15%);

7. Орунбаев Турдубек Дуйшонович - 3633 добуш (17,28%);

8. «Баарына каршы» позициясына 458 шайлоочу добуш берген (2,18%).

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, «Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер таанылат».

9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 7 арыз жана даттануу (шайлоочулардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топко – 1, ЫЧКГга – 6) түштү.

Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечимдер кабыл алынган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 4-майындагы отурумунда КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын, КР ИИМнин тергөө кызматынын, Кара-Суу районунун ички иштер органдарынын, Кара-Суу районунун прокуратурасынын өкүлдөрүнүн шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө келип түшкөн сигналдар жана билдирүүлөр боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтары угулду.

Укук коргоо органдары тарабынан берилген маалыматтарына ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыгына жана мөөнөтүнөн мурда шайлоонунун натыйжасына таасир эткен жана/же ага талапкерлердин катыштыгы боюнча, бузуулардын каралбай калган материалдар жок.

Кабыл алынган чечимдер 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча даттануулар жана бузуулар Реестринде жайгаштырылган (https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-deputatov-zhk-kr-28-aprelya-2024-goda/) – көчүрмөсү тиркелет.

№9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Кара-Суу округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 1-майындагы протоколунун негизинде, шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө сигналдар жана билдирүүлөр боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө ички иштер органдарынын жана прокуратурасынын маалыматын эске алуу менен, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 64-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылсын.

2. Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.

3.Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 4-майы

№ 46