22.02.2024 №11 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.А. Ражабалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.А. Ражабалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округунун депутаты Ражабалиев Нурлан Аскаралиевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө келип түшкөн өз арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 6-бөлүгүнө, 59-беренесинин 7-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна,   2-бөлүгүнө ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округунун депутаты Ражабалиев Нурлан Аскаралиевичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ражабалиев Нурлан Аскаралиевичтин күбөлүгү анык эмес деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентине №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө сунуш жөнөтүлсүн.

4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 22-февралы

№ 11