23.09.2024 №140 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-январындагы №15 токтому менен бекитилген Жалал-Абад облусунун Ноокен районун Бүргөндү-Достук шайлоо участокторунун схемаларына жана чек ара

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-январындагы №15 токтому менен бекитилген Жалал-Абад облусунун Ноокен районун Бүргөндү-Достук шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына, Жалал-Абад облусунун Ноокен районун Бүргөндү-Достук айыл аймагына караштуу №2263 шайлоо участкасынын схемасына жана чек арасына өзгөртүү киргизүү боюнча ошондой эле №2206 шайлоо участогун жоюу боюнча Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 18-сентябрындагы №9 чечими келип түшкөн.

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын чечими Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 18-сентябрындагы №01-10/834 кайрылуусунун негизинде кабыл алынган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-январындагы №15 бекитилген «Жалал-Абад облусунун Ноокен районун Бүргөндү-Достук шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунун тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Жалал-Абад облусунун Ноокен районун Бүргөндү-Достук айыл аймагынына караштуу №2263 шайлоо участкасынын схемасы жана чек арасы бекитилсин;

- Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү-Достук айыл аймагынын караштуу №2206 шайлоо участогу жоюлсун.

2. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары №2263 шайлоо участкасынын схемасы, чек арасы жана дареги боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 23-сентябры

№ 140