17.09.2024 №133 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө

 

        “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана  Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин  депутаттарын шайлоону даярдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ№ 256 Жарлыгына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бобордук  комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык  Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2, 12, 13-пункттарын, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо  комиссиядлары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11,22-пункттарын, 21- беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктун, 25-беренесинин 1-3, 6-9, 11-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 495 718 400 (Төрт жүз токсон беш миллион жети жүз он сегиз миң төрт жүз) сом суммасында бекитилсин (1-тиркеме), анын ичинде:

1) 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө зарыл болгон шайлоо комиссиялары үчүн борборлоштурулган сатып алууларды  жүзөгө ашыруу үчүн каражаттарды кошкондо, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасы (2-тиркеме);

2) 2024-жылдын 17-ноябрына  дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө төмөн турган (аймактык жана участкалык) шайлоо комиссияларынын чыгымдарынын сметасы (3-тиркеме).

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсеп жүргүзүү, отчеттуулук бөлүмү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү каржылоону уюштурсун, республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды бекитилген сметага ылайык тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына бөлүштүрүүнү камсыз кылсын;

3. Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары ишке тартылган адистер, участкалык шайлоо комиссияларынын бардык төрагалары менен толук жеке материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишимдерди түзсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсеп жүргүзүү, отчеттуулук бөлүмү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана ишке тартылган жарандарды бекитилген сметага ылайык накталай эмес формада “РСК Банк”ААК жана “Айыл Банк” ААКсынын банк мекемелери аркылуу финансылык жактан камсыз кылууну уюштурсун жана бул каражаттардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүүнү камсыз кылуу.

5. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Контрольдук-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча  шайлоо комиссияларына бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарынын  максаттуу пайдаланылышына  контролдоону жүзѳгѳ ашырсын.

6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, Кыргыз Республикасынын   Финансы министрлигине жөнөтүлсүн.

7. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  төрагасынын орун басары  Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТѲРАГА                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

                           

 

Бишкек ш., 2024-жылдын  23-сентябры

№ 133