10.12.2021 №814 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 408 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына 1 арыз келип түшкөн. Келип түшкөн арыз каралып, ал боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынды.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 3-декабрындагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин  депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке жиберилсин.

4. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 10-декабры

№ 814