23.11.2024 №240 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Ноокат шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 5 шайлоо участок түзүлгөн.

Шайлоочулардын тизмесине 9 619 шайлоочу киргизилген.

Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 4 саясий партия катталган: «Мекендеш», «Эмгек», «Жаңы Кыргызстан», «Ынтымак».

Добуш берүүгө жалпысынан 2 366 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 24,60%  түзөт.

Ноокат шаардык кеңешинде мандаттардын саны 21.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 4 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: «Мекендеш» - 158 добуш (6,88%) - 1 мандат; «Эмгек» - 838  добуш (36,51%) - 8 мандат; «Жаңы Кыргызстан» - 885  добуш (38,56%) - 8 мандат; «Ынтымак» - 400 добуш (17,43%) - 4 мандат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык:

- 5 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкаларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Ноокат шаардык аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына 1 арыз түшкөн. Келип түшкөн арыз каралып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынган. Кабыл алынган чечимге даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешине жиберилсин.

4. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 23-ноябры

№ 240