21.07.2021 №629 2021-жылдын 13-июлунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево жана Өрүктү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу
2021-жылдын 13-июлунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево жана Өрүктү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу
2021-жылдын 13-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 29-июнундагы № 579 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево жана Өрүктү айыл өкмөттөрүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.
Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Байгазаков Бактыбек Токтосунович, Муканов Джергалбай Джумабаевич, Ананьево айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.
Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 13-июлундагы протоколу менен Ананьево айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 19 депутаты катышып, Б.Т. Байгазаковго – 17 добуш, Д.Д. Мукановго – 2 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 13-июлундагы протоколу менен Байгазаков Бактыбек Токтосунович Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Тентимишев Султан Таалайбекович, Өрүктү айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.
Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 13-июлундагы протоколу менен Өрүктү айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 9 депутаты катышып, С.Т. Тентимишевге – 7 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 2 добуш берилгендиги белгиленген.
Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 13-июлундагы протоколу менен Тентимишев Султан Таалайбекович Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево жана Өрүктү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 13-июлундагы Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын Ананьево жана Өрүктү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун 2021-жылдын 13-июлунда өткөрүлгөн Ананьево жана Өрүктү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 13-июлундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево жана Өрүктү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Байгазаков Бактыбек Токтосунович Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Тентимишев Султан Таалайбекович Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Ананьево жана Өрүктү айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 21-июлу
№ 629