17.04.2023 №42 2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2023-жылдын 9-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2023-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-февралындагы ПЖ №19 жарлыгы менен (мындан ары - Жарлык) дайындалган Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоо болуп өттү.

  Жарлыктын 2-пунктунда төмөндөгүлөр каралган: «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун;

- убактылуу регламенттөө жана башка зарыл болгон чараларды көрүү менен аралыктан, электрондук добуш берүү формаларын, жабдуулардын модернизацияланган түрлөрүн колдонууну пилоттук режимде апробациялоо мүмкүнчүлүгүн карасын».

Жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, шайлоо процессинде колдонулуучу технологияларды өркүндөтүү  үчүн шарттарды түзүү максатында «2023-жылдын 9-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүүнү жана идентификациялоонун модернизацияланган жабдууларын пилоттук режиминде апробациялоо жөнүндө» Борбордук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 22-февралындагы № 12 токтому кабыл алынган.

Жогоруда аталган токтом менен пилоттук режимде электрондук добуш берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо бекитилген, ошондой эле Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо пилоттук режимде электрондук добуш берүүнүн формасын апробациялоо чечилген.

2023-жылдын 7-мартындагы № 17 токтом менен аталган токтомго Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек, Ак-Сай жана  Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоодо пилоттук режимде электрондук добуш берүүнү апробациялоо тууралуу толуктоолор киргизилген.

«2023-жылдын 9-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүүнү жана идентификациялоонун модернизацияланган жабдууларын пилоттук режиминде апробациялоо жөнүндө» Борбордук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 22-февралындагы №12 токтомунун 1-пунктунун 2-пунктчасы менен 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо айрым шайлоо участокторунда шайлоочуларды идентификациялоонун мультифункционалдык жабдууларын пилоттук режимде апробациялоо тууралуу чечим кабыл алынган.

Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айылдык кеңешинин №8059, №8058 №8060, №8186, №8087  5 шайлоо участогунда шайлоочуларды идентификациялоонун модернизацияланган жабдууларын пилоттук режимде апробациялоо үчүн участокторду белгилөө тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы 2023-жылдын 22-мартында №6 чечимин кабыл алган. 

Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине  бардыгы болуп 16178 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен шайлоо участогунда добуш берүүгө 15337, электрондук добуш берүүгө 841 шайлоочу киргизилген.

Шайлоо участогунда добуш берүүгө 4526 шайлоочу катышкан, бул шайлоо участогундагы шайлоочулдардын жалпы санынын 29,51% түзөт.

Электрондук добуш берүүгө 694 шайлоочу катышты, бул электрондук добуш берүүгө катышкан  шайлоочулардын жалпы санынын  82,5% түзөт. 

Бардыгы болуп добуш берүүгө 5220 шайлоочу катышты, бул шайлоочулардын жалпы санынын 32,26% түзөт.

1) Самаркандек айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны - 21, анын ичинен 9 мандат аялдар үчүн резервге калтырылган. 41 талапкер катталган, анын ичинен 14 талапкер аялдар. 21 депутат шайланды, анын ичинен 9 депутат аялдар.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуру үчүн 5 шайлоо участогу ачылган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык 4 шайлоо округу түзүлгөн.

Шайлоочулардын тизмесине  бардыгы 7568 жаран, алардын ичинен шайлоо участогунда добуш берүүгө 7279 шайлоочу, электрондук добуш берүүгө 289 шайлоочу киргизилген.

Шайлоо участогунда добуш берүүгө 1910 шайлоочу катышкан, бул шайлоо участогундагы шайлоочулардын жалпы санынын 26,24% түзөт.

Электрондук добуш берүүгө 213 шайлоочу катышты, бул электрондук добуш берүүгө катышкан  шайлоочулардын жалпы санынын  73,7% түзөт. 

Добуш берүүгө бардыгы 2123 шайлоочу катышты, бул шайлоочулардын жалпы санынын 29,16% түзөт.

2) Ак-Сай айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны - 21, анын ичинен 7 мандат аялдар үчүн резервге калтырылган. 27 талапкер катталган, анын ичинен 8 талапкер аялдар. 21 депутат шайланды, анын ичинен 7 депутат аялдар.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык  Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуру үчүн 5 шайлоо участогу ачылган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык 3 шайлоо округу түзүлгөн.

Шайлоочулардын тизмесине  бардыгы 4527 жаран, алардын ичинен шайлоо участогунда добуш берүүгө 4216 шайлоочу, электрондук добуш берүүгө 311 шайлоочу киргизилген.

Шайлоо участогунда добуш берүүгө 1191 шайлоочу катышты, бул шайлоо участогундагы шайлоочулардын жалпы санынын 28,25% түзөт.

Электрондук добуш берүүгө 266 шайлоочу катышты, бул электрондук добуш берүүгө катышкан  шайлоочулардын жалпы санынын  85,5% түзөт. 

Добуш берүүгө бардыгы 1457 шайлоочу катышты, бул шайлоочулардын жалпы санынын 32,18% түзөт.

 

3) Ак-Татыр айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны - 21, анын ичинен 8 мандат аялдар үчүн резервге калтырылган. 29 талапкер катталган, анын ичинен 8 талапкер аялдар. 21 депутат шайланды, анын ичинен 7 депутат аялдар.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуру үчүн 3 шайлоо участогу ачылган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык 3 шайлоо округу түзүлгөн.

Шайлоочулардын тизмесине  бардыгы 4083 жаран, алардын ичинен шайлоо участогунда добуш берүүгө 3842 шайлоочу, электрондук добуш берүүгө 215 шайлоочу киргизилген.

Шайлоо участогунда добуш берүүгө 1425 шайлоочу катышты, бул шайлоо участогундагы шайлоочулардын жалпы санынын 37,09% түзөт.

Электрондук добуш берүүгө 215 шайлоочу катышты, бул электрондук добуш берүүгө катышкан  шайлоочулардын жалпы санынын  89,2% түзөт. 

Добуш берүүгө бардыгы 1640  шайлоочу катышты, бул шайлоочулардын жалпы санынын 40,16% түзөт.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 22-февралындагы № 12 токтому менен бекитилген «Пилоттук режимде электрондук добуш берүүнүн тартиби жөнүндө» убактылуу жобого ылайык:

- №8059, №8058, №8060, №8186 жана №8057 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана электрондук добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2023-жылдын 13-апрелиндеги протоколдордун негизинде Баткен аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи;

- №8059, №8058, №8060, №8186 жана №8057 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана электрондук добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2023-жылдын 13-апрелиндеги протоколдордун негизинде Баткен аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи;

- №8056, №8055 жана №8061 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана электрондук добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2023-жылдын 13-апрелиндеги протоколдордун негизинде Баткен аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Татыр айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 17-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 22-февралындагы № 12 токтомуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Депутаттарды шайлоонун натыйжалары жөнүндө Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 13-апрелиндеги төмөнкү протоколдору бекитилсин:

- Самаркандек айылдык кеңешинин (1-тиркеме);

- Ак-Сай айылдык кеңешинин  (2-тиркеме);

- Ак-Татыр айылдык кеңешинин (3-тиркеме).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Баткен аймактык шайлоо комиссиясына жана Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештерине жөнөтүлсүн.

4. Баткен аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2023-жылдын 17-апрели

№ 42