27.10.2022 №95 Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү М. Сагынбек уулунун, П.Ж. Жумагулованын Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы   № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сагынбек уулу Максат, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жумагулова Пери Жумагуловна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Арунова Базаркүл Асаналиевна, Турдумамбетова Айнура Эштековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                        

Бишкек ш., 2022-жылы 27-октябры

№ 95