04.11.2022 №96 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу  жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу  жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Бакай-Ата, Аксы, Сузак, Ат-Башы, Аламүдүн, Сокулук жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу  

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештерде депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

- Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын – Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ленинполь айылдык кеңеши боюнча;

- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаардык кеңеши боюнча;

- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Алма айылдык кеңеши боюнча;

- Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын – Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Талаа айылдык кеңеши боюнча;

- Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылдык кеңеши боюнча;

- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын – Чүй облусунун Сокулук районундагы Шопоков шаардык жана Военно-Антоновка айылдык кеңештери боюнча;

- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын – Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Б. Мамбетов, Көл-Төр, Улахол жана Кажы-Сай айылдык кеңештери боюнча.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Аксы аймактык шайлоо комиссиясынан чечими келип түштү.

Аталган чечимдер “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, “Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бакай-Ата, Аксы, Сузак, Ат-Башы, Аламүдүн, Сокулук жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын  талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бакай-Ата, Аксы, Сузак, Ат-Башы, Аламүдүн, Сокулук жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

5. Бакай-Ата, Аксы, Сузак, Ат-Башы, Аламүдүн, Сокулук жана Тоң аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.   

6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2022-жылдын 4 ноябры
№ 96