20.05.2024 №59 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоӊ-Алай райондорунун айрым жергиликтүү кеңештеринин аймагында шайлоо участокторунун схема

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоӊ-Алай райондорунун айрым жергиликтүү кеңештеринин аймагында шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө» 2020-жылдын 30-январындагы №17 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Ош облусунун Ноокат районундагы Зулпуев айыл аймагынын №5561, №5383 шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана ошондой эле Ош облусунун Ноокат районундагы Зулпуев айыл аймагынын Жатан айылында жаңы шайлоо участогун түзүү жөнүндө Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 11-майындагы №5 чечими келип түшкөн.

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын чечими Ош облусунун Ноокат районундагы Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысынын Ош облусунун Ноокат районундагы Зулпуев айыл аймагынын Жатан айылындагы шайлоо участкасын түзүү жөнүндө 2024-жылдын 10-майындагы №01-19/734 кайрылуусунун негизинде кабыл алынган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоӊ-Алай райондорунун айрым жергиликтүү кеңештеринин аймагында шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө» 2020-жылдын
30-январындагы №17 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган токтомдун тиркемесинде Ош облусунун Ноокат районундагы Зулпуев аймагынын №5561, №5383 шайлоо участкаларынын схемасы жана чек аралары бул токтомдун 1-тиркемесине ылайык баяндалсын.

2. Ош облусунун Ноокат районундагы Зулпуев айыл аймагынын Жатан айылында жаңы №5596 шайлоо участкасы түзүлсүн жана анын схемасы жана чек аралары 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жаңыдан түзүлгөн шайлоо участкасынын дареги боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

4. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы Жатан айылындагы №5596 участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзсүн.

5. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

г. Бишкек, 20 мая 2024 года

№ 59