23.09.2024 №144 Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун №4131, 4141 жана №4153 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 10 Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагындагы №4131, Кум-Добо айыл аймагындагы №4141 жана Чолпон айыл аймагындагы №4153 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө чечими келип түшкөн.

Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын чечими 2024-жылдын 12-сентябрындагы №02-01-33/1787 Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн, 2024-жылдын 12-сентябрындагы №1154 Кум-Добо айыл өкмөтүнүн жана 2024-жылдын 5-сентябрындагы №02-1-34/1674 Чолпон айыл өкмөтүнүн кайрылууларынын негизинде кабыл алынган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын №4131 шайлоо участкасынын дареги Кара-Суу айылы С.Данияров №24/1 көчөсүндө жайгашкан айылдык клуб имаратынан, Кара-Суу айылынын С.Данияров №24/2 көчөсүндө жайгашкан спорт комплексинин имаратына өзгөртүлсүн.

2. Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Добо айыл аймагынын №4141 шайлоо участкасынын дареги Кара-Тоо айылы Темирова Асипа 21/1 көчөсүндө жайгашкан спорт комплекс имаратынан, Кара-Тоо айылынын Темирова Асипа №2А көчөсүндө жайгашкан Ш.Абдылдаев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

3. Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын №4153 шайлоо участкасынын дареги Ара-Көл айылы Ырсалы уулу Исмаил №30/1 көчөсүндө жайгашкан айылдык клуб имаратынан, Ара-Көл айылынын Ырсалы уулу Исмаил №32/2 көчөсүндө жайгашкан Ара-Көл орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

4. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы Ормон-Хан, Кум-Добо жана Чолпон айыл өкмөттөрү менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

5. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш.,

2024-жылдын 23-сентябры №144