14.12.2021 №832 Бир мандаттуу № 21 Талас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгы менен  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтому менен бир мандаттуу № 21 Талас шайлоо округунун схемасы жана чек арасы бекитилди.

Бир мандаттуу Талас шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 54 шайлоо участогу түзүлгөн. 

Бир мандаттуу № 21 Талас шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 80 183 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 28 705  шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 35,80%ды түздү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 7 талапкерди каттады:

 

  1. Айткулов Муктарбек Мукулович;
  2.  Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович;
  3.  Жунусбеков Төрөкан Бейшенбекович;
  4. Айталиев Таалайбек Дөөлөтказиевич
  5.  Чойбеков Бактыбек Каныбекович;
  6.  Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович
  7.  Сариев Эсен Тыныбекович

   Анын ичинен 6 талапкер шайлоого катышты.

Бир мандаттуу № 21 Талас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 5 арыз жана даттануу түштү. Түшкөн бардык арыздар жана даттануулар каралып чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.

№21 Талас округдук шайлоо комиссиясынын  2021-жылдын 6-декабрындагы №10/1 чечими менен, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, №6111, 6077 шайлоо участкаларында шайлоо бюллетендеринин саны шайлоочулардын санынан ашып кеткендигине байланыштуу добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды.

Ал көрөстүлгөн шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу №22 Талас округунун натыйжасына таасир этпеген. Шайлоонун натыйжалары боюнча № 21 Талас шайлоо округунун 52 шайлоо участогунда жыйынтыктар чыгарылды.

Бир мандаттуу № 21 Талас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Талас округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 6-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык:

- Айткулов Муктарбек Мукулович - 1 885 (6,57%) добуш алды;

-Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович - 3 589 (12,50%) добуш алды;

-Жунусбеков Төрөкан Бейшенбекович – 821 (2,86%) добуш алды;

-Чойбеков Бактыбек Каныбекович - 9 773 (34,05%);

-Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович - 7 204 (25,10%) добуш алды

-Сариев Эсен Тыныбекович - 2 938 (10,24%) добуш алды;

-“Баарына каршы” позициясы үчүн 1 665 (5,80%) добуш берилди.

 

 Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын   64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат”.

Бир мандаттуу № 21 Талас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу №28 Талас округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 6-декабрындагы протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бир мандаттуу № 21 Талас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. Чойбеков Бактыбек Каныбекович - бир мандаттуу № 21 Талас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш. 2021-жылдын 14-декабры

№832