17.10.2024 №170 Чүй облусунун Москва районундагы №7278, №7280 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

Чүй облусунун Москва районундагы №7278, №7280 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 12-октябрындагы №6, Чүй облусунун Москва районундагы №7278, №7280 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө чечими келип түшкөн.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын чечими 2024-жылдын 10-октябряндагы №4-3/1455 Миң-Булак айыл өкмөтүнүн кайрылунун негизинде кабыл алынган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округтарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун Москва районунун Миң-Булак айыл аймагындагы №7278 шайлоо участкасынын дареги Садовое айылындагы «Resit» жеке кафе имаратынан Советская, №118 көчөсүндөгү «Любушка» дүкөн имаратына өзгөртүлсүн.

2. Чүй облусунун Москва районунун Миң-Булак айыл аймагындагы №7280 шайлоо участкасынын дареги Садовое айылындагы окуу-өндүрүштүк ишкана имаратынан Советская, №419 көчөсүндөгү «Солнышко» бала бакча имаратына өзгөртүлсүн.

3. Москва аймактык шайлоо комиссиясы Миң-Булак айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 17-октябры

№170