26.09.2024 №150 № 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 24-июлундагы № 204 Жарлыгы менен № 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо 2024-жылдын 22-сентябрына дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №684 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо № 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунун схемасы жана чек арасы бекитилген.

Шайлоону уюштуруу үчүн 81 шайлоо участогу түзүлгѳн. Шайлоочулардын тизмесине 124 429 шайлоочу киргизилген.

№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 9 талапкерди каттады. Мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо 7 талапкер шайлоого катышты.

13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Сузак округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 25-сентябрына протоколуна ылайык, 2024-жылдын 22-сентябрында добуш берүүгѳ 21 057 шайлоочу катышкан, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин ичинен 16.92% түздү.

Талапкерлер шайлоочулардын төмөнкүдөй сандагы добуштарын алышты:

1. Бегматов Бейшенбек Саматович – 212 добуш (1.01%);

2. Кылычбаев Алтынбек Таирович – 10 174 добуш (48.32%);

3. Лилиенталь Юлия Викторовна – 749 добуш (3.56%);

4. Кошалиев Мелисбек Ысманалиевич – 2 435 добуш (11.56%);

5. Сейдахматов Жыргалбек Орозбекович – 2 493 добуш (11.84%);

6. Сапарбаев Медербек Мусаевич –  3 280 добуш (15.58%);

7. Арапбаев Асилбек Ормонович – 1 351 добуш (6.42%);

8. «Баарына каршы» позициясына 134 шайлоочу добуш берген (0.64 %).

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, «Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер таанылат».

13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 10 арыз жана даттануу (шайлоочулардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топко –1, ЫЧКТга -9).

Түшкөн бардык арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынган жана түшүндүрмөлөр берилген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 26-сентябрындагы отурумунда КР УКМКнын Сузак району боюнча башкы башкармалыгынын, КР ИИМнин тергөө кызматынын, Сузак районунун ички иштер органдарынын, Сузак прокуратурасынын өкүлдөрүнүн шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө келип түшкөн сигналдар жана билдирүүлөр боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтары угулду.

Укук коргоо органдары тарабынан берилген маалыматтарына ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыгына жана мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонунун натыйжасына таасир эткен жана/же ага талапкерлердин катыштыгы боюнча, бузуулардын каралбай калган материалдар жок.

Кабыл алынган чечимдер 2024-жылдын 22-сентябрына дайындалган № 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо боюнча даттануулар жана бузуулар Реестринде жайгаштырылган (https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-narushenij-dep-kyrg-resp-po-suzakskomu-okr-13-nazn-na-22-sen-2024-g/) – көчүрмөсү тиркелет.

№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Сузак округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 25-сентябрындагы протоколунун негизинде, шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө мыйзам бузуулар жөнүндө арыздар жана билдирүүлөр боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө ички иштер жана прокуратура органдарынын маалыматтарын эске алып, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 64-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4,
8- беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1.№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо өттү деп таанылсын.

2. Кылычбаев Алтынбек Таировичти 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.

3.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 26-сентябры

 

150