03.09.2024 №111 Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү  К.Э. Жалиловдун, К.М. Дармановдун, Ш.М. Тургунбаеванын, Н.А. Нажмидинованын Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде,«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  1-беренесине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- «Ынтымак» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жалилов Кадырали Эргешович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Дарманов Кудайберди Мамытович, Тургунбаева Ширинкан Мадановна, Нажмидинова Нургул Айдарбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;  

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Маматназаров Эргешбай Маматумарович, Кочибеков Эмирбек Раимжанович, Чолпонова Гулзина Ташиевна, Шакулиева Айжамал Осмонжановна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2.       Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.       Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                    

                            

Бишкек ш., 2024-жылдын 3-сентябры

№ 111