№28 19.05.2025 Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын

курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү  Эсенбек кызы Айзатты аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Эсенбек кызы Айзат комиссиянын курамынан чыгарылсын;

– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Саркелдеева Сагын Каратаевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

  1. Бул токтом Эркин-Тоо гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                             Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 19-майы

№ 28