25.11.2024 №261 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак жана Кара-Дарыя айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак жана Кара-Дарыя айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак жана Кара-Дарыя айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык:

- Сузак жана Кара-Дарыя участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкаларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Сузак аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак жана Кара-Дарыя айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Сузак жана Кара-Дарыя айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Сузак аймактык шайлоо комиссиясына 2 арыз түшкөн. Келип түшкөн арыздар каралып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынган. Кабыл алынган чечимдерге даттануулар келип түшкөн жок. Бүгүнкү күнгө каралбай калган арыз-даттануулар жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 17-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Депутаттарды шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы төмөнкү протоколдору бекитилсин:

- Сузак айылдык кеңешинин (1-тиркеме);

- Кара-Дарыя айылдык кеңешинин (2-тиркеме);

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Сузак аймактык шайлоо комиссиясына жана тийиштүү айылдык кеңештерине жөнөтүлсүн.

4. Сузак аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 25-ноябры

№ 261