12.07.2023 №65 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы ж

2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган №26 Ленин
бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 38-беренесине, 63-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык,
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 12-июлундагы №64 токтому менен дайындалган Жогорку Кеңешинин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу  боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатын кайра шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу максатында,               

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш, 2023-жылдын 12-июлу

№ 65