27.10.2023 №103 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ош, Ак-Талаа, Жумгал,  Базар-Коргон, Токтогул, Кара-Суу, Өзгөн, Түп, Жети-Өгүз, Кадамжай жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

- Ош аймактык шайлоо комиссиясынын (23.10.2023-ж. №5) Ош шаардык кеңеши боюнча;

- Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын (16.10.2023-ж. №94)   Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылдык кеңеши боюнча;

- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын (16.10.2023-ж. №21, 22)   Нарын облусунун Жумгал районундагы Чоң-Дөбө айылдык кеңеши боюнча;

- Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын (26.10.2023-ж. №9) Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон шаардык кеңеши боюнча;

- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын (04.10.2023-ж. №15; 12.10.2023-ж. №16) Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Жаңы-Жол айылдык кеңеши боюнча;

- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын (16.10.2023-ж. №18, 19, 20, 21) Ош облусунун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык, Ак-Таш айылдык кеңештери боюнча;

- Озгөн аймактык шайлоо комиссиясынын (19.10.2023-ж. №39, 40; 26.10.2023-ж. №41, 42) Ош облусунун Өзгөн районундагы Баш-Дөбө, Куршаб айылдык кеңештери боюнча;

- Түп аймактык шайлоо комиссиясынын (17.10.2023-ж. №16, 17)  Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп, Ак-Булак, Талды-Суу, Карасаев, Арал айылдык кеңештери боюнча;

- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын (25.10.2023-ж. №14)  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Липенка, Дархан айылдык кеңештери боюнча;

- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын (17.10.2023-ж. №15, 16; 23.10.2023-ж. №17, 18) Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен, Кадамжай шаардык кеңештери боюнча;

- Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын (19.10.2023-ж. №46, 47, 48) Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө, Шадыкан  айылдык кеңештери боюнча.

Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:

- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын (16.10.2023-ж. №22) – Нарын облусунун Жумгал районундагы Чоң-Дөбө айылдык кеңеши боюнча;

 - Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын (19.10.2023-ж. №40) – Ош облусунун Өзгөн районундагы Баш-Дөбө айылдык кеңеши боюнча;

- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын (25.10.2023-ж. №14)   Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Дархан айылдык кеңеши боюнча.

Аталган чечимдер «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».

Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4,  8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош, Ак-Талаа, Жумгал, Базар-Коргон, Токтогул, Кара-Суу, Өзгөн, Түп, Жети-Өгүз, Кадамжай жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери  1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жумгал, Өзгөн жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Ош, Ак-Талаа, Жумгал, Базар-Коргон, Токтогул, Кара-Суу, Өзгөн, Түп, Жети-Өгүз, Кадамжай жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

5. Ош, Ак-Талаа, Жумгал, Базар-Коргон, Токтогул, Кара-Суу, Өзгөн, Түп, Жети-Өгүз, Кадамжай жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

6.Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

8.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА   

                                           

Бишкек ш., 2023-жылдын 27-октябры

№ 103